"Батукаевди Кыргызстанда деле дарыласа болмок" дейт адис

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди Кыргызстанда деле дарыласа болмок",- деди Улуттук гематология борборунун жетекчисинин орун басары Эмил Макимбетов. "Ак кан оорусун дарыласа болот, жыл сайын оорулуулардын 20 пайызын дарылайбыз",- деп кошумчалады ал. Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште оор дартка кабылды деген себеп менен өлкөдөн чыгарылып кеткен кылмышкер Азиз Батукаев боюнча маселе талкууланып жатат. Айта кетсек, Батукаев оор кылмыш боюнча айыпталып 2006-жылы 16,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, 9-апрелде ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгарылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан