Өзбекстандагы Барак эксклавында 276 кыргыз кожолугу катталган

Барак айылынын көрүнүшүОкурман тарабынан түшкөн суроого жооп алуу максатында Өзбекстандагы Барак айыл өкмөтүнүн башчысы Буркан Аширов менен байланыштык. Айыл башчы эксклавда учурда 276 кыргыз кожолугу катталганын бүгүн, 23-августта SUPER.KG порталына кабарлады.

"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Барак эксклавында 276 кожолук катталган. Айылдын жашоочуларына чек арадан өтүү гана кыйынчылык жаратпаса, өзбек тараптан кысым деле болбойт. Бир тараптуу жол жабылып, мурда Ак-Таш аркылуу өтчү жолубуз 2,5 чакырым болсо, азыр Кызыл-Кыя аркылуу 300 чакырым жүрөбүз. Ортодо блокпосттор бар, аскерлер тиешелүү иштерин жүргүзгүчө убакыт созулуп калат, бирок уруп-согуп кысым көрсөтүшкөн окуялар каттала элек. Тескерисинче, жаз айларында айдоо жумуштарына техникаларды, күз маалында комбайн, канал казганга экскаватор берүүнү суранып кайрылсак, жиберип турушат", - дейт айыл башчы.

Буркан Аширов Кыргыз өлкөсүнүн аймагына көчүп кеткендер бар болгону менен, эксклавдан эч качан көчүп кетпей турган патриоттор да бар экенин кошумчалады: "Жакында эле жаштар үчүн Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылында жер тилкелери берилген. Көчүп кеткендер бар, бирок туруктуу болуп, ушул жерди кармап калабыз, ушул жерде жашайбыз деп, чыныгы патриоттуулук сезими менен жашаган кыргыздар бар".

Ал эми учурда Үңкүр-Тоо боюнча маселе эксклавдын жашоочуларына зыяны тийбегенин Барак айыл өкмөтүнүн айыл башчысы айтты. "Үңкүр-Тоо боюнча маселе мамлекеттик деңгээлдеги иш болгондуктан, карапайым элге зыянын тийгизе элек. "Карапайым элде эмне күнөө?" деп бизге унчугушпайт деле", - деди Буркан Аширов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bosmos777
2016-08-23 12:27:31
Кыйын болду Кыргызга!
+3
Sagy
2016-08-23 13:10:47
Буркан ака Каримовго ындап кеткенби дейм..
+2
avtogrand
2016-08-23 13:49:27
Өздөрү зорго жашап атканда буларды аралаштырбай эле тургулачы эртен бизди андай дедиң деп иш көрсөтүшөт.
0
Adilet_adi
2016-08-23 14:16:14
Кайсыл дареке(ссылка) суроо менен кайрылсак болот Админ?
0
admin_portal
2016-08-23 14:20:07
Adilet_adi, суроо, сунуштар admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Adilet_adi
2016-08-23 15:03:14
admin_portal,Аа тушунукту рахмат
0
Belek2070
2016-08-26 18:28:05
Рахмат Супер Инфо ушундай маалыматты билип бергенинерге, мен ото ошол айыл боюнча кыжалат болуп кеип аттым эле.
0
Sapar92
2017-02-26 20:33:58
Ситуация женилдеше баштады ужэ .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан