Сооронбай Жээнбеков: "Кепилдик фонду жакынкы арада өз ишин башташы керек"

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2018-2019-жылдардын республикалык бюджети тууралуу өкмөт жыйынында "Кепилдик фонду жакынкы арада өз ишин башташы керек" деген буюртмасын берди.

"Жеке ишкерлер түзүлүп жаткан Кепилдик фондунун ишмердигинен өзгөчөлүктөрдү күтүшүүдө. Аны капитализациялоого азыртадан эле 72 миллион сом каралды. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы Кепилдик фондуна 3 миллион грант бөлүүгө даяр", - деди премьер-министр.

Долбоордун маанилүүлүгүн эске алып, өкмөт башчы фонддун 2017-жылы толук кандуу иштешине өз убагында каражат бөлүүнү тапшырды.

"Кепилдик фонду эртерээк иштеш үчүн Экономика министрлиги бардык күчүн жумшашы керек. Муну бизден жакшы долбоорлору бар, бирок насыя алуу үчүн керектүү күрөөсү жок болгон көптөгөн айыл чарбачылыктардын жетекчилери күтүшүүдө", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurbol
2016-08-23 13:43:47
Кепилдик фондуна азыркы окмот эле кепилдик бербесе, кийинки окмот дагы кепилдик болуп берет деп ким кепилдик берет жылына экиден окмот жаныланып жатса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан