Бакыт Калмаматов: "Батукаев качты. Кыргыздын депутаттарына иштебеген мыйзам эмне үчүн чечендин кылмышкерине келгенде иштеп калат?"

“Түрмөдөн Азиз Батукаевди бошотуп жибергендер, Түркиянын премьер-министринин алдында президентти уятка калтырдыңар. Бир жагынан сыйлуу конокту тосуп алып, бир жагынан кылмышкерди узаттык”. Мындай пикирди бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Бакыт Калмаматов билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кылмышкерди эркиндикке чыгаруудан мурда анын кылган кылмышынын оордугуна көңүл бурулат. “Бул адам Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн өлтүргөн. Азыр жыйынга чакырылган жооптуу адамдардын баары Батукаевдин бошотулушу мыйзамдуу болду деп жатышат. Эмне үчүн мыйзам кыргыздарга келгенде иштебейт да, чечендердин кылмышкерине келгенде иштеп калат? Жадакалса депутаттар үчүн дагы бул мыйзам иштебей, алар абакта отурушат”,- деди эл өкүлү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан