Мамлекеттик чек ара кызматы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин өлкөдөн сыртка чыгып жатканын билген. Бул тууралуу 11-апрелдеги ЖКнын жыйынында аталган кызматтын төрагасы Токон Мамытов өзү билдирди. Айтымында, 9-апрель күнү саат 18:00дө ИИМден УКМКга Батукаевдин мамлекеттен сыртка чыгуусу тууралуу маалымат келип түшкөн. “Мен “Манас” аэропортунда эмгектенген кызматкерлерге документтердин баарын текшерүү тапшырмасын бергем. Документтери жайында болгон ар бир жаран мыйзам боюнча мамлекеттен кетүүгө укугу бар. Ошол сыяктуу эле Батукаевдин да документтери туура болчу. Аны учурбай коюуга бизде негиз жок эле”,- деди башкы чек арачы.