"Баш мыйзамды өзгөртүүнүн таптакыр кереги жок". Мындай пикирин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, 2010-жылы кабыл алынган Конституция авторитардык, криминалдык үй-бүлөлүк бийликке каршы күрөштүн натыйжасында иштелип чыккан. "Азыркы бийлик ал жолду унутуп, президенттин түздөн-түз көрсөтмөсү менен жаңы долбоорду коомдук талкууга алып чыгып жатат", - деди ал.
"Президенттик шайлоого бир жыл калганда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн кереги барбы? Менин оюмча, таптакыр кереги жок. Чындап эле Атамбаев кийинки президент ажыдаар болбосун десе, анда ал Конституцияны өзгөртүү эмес, башка мыйзамдарды Конституциянын нормаларына шайкеш келтирүү менен саясий эркти көрсөтүп, болочок президенттерге үлгү болуп кетиши керек. Ал эми азыркыдан мен кардиналдуу өзгөртүүлөрдү көрө алган жокмун", - деп билдирди Исаков.