Бишкек шаарында республикалык деңгээлде “Элет китепканасына китеп белек кыл” аттуу кайрымдуулук акциясы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, мындай акция 2012-жылдын ноябрь айында Чүй облусундагы китепканаларда өткөн. Максаты - борбордон алыс жайгашкан айылдардагы окуучуларды китеп менен камсыз кылуу. Кыргызстандын бардык аймактарындагы китепканалардын фондун жаңы китептер менен толтурууга мамлекеттин жана коомдук уюмдардын көңүлүн буруу болуп саналат. Акцияга катышууну каалагандар уюштуруучуларга китеп алып келип тапшырышса болот. Иш-чара ЖОЖдордун биринде 12-апрелден 12-майга чейин уланат.