Кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 23-августта Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) башкы кеңсесинин Чыгыш, Борбордук Азия жана Кавказ департаментинин башкы директору Тошинобу Катону кабыл алды.

Тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүү, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин 2015-жылдын октябрь айында Кыргыз мамлекетине жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Синдзо Абэнин сапарынын алкагында эл аралык маанидеги унаа жолдорду жана "Манас" Эл аралык аэропортунун техникалык жабдуусун жакшыртуу боюнча макулдашуулар орун алган.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Тошинобу Катонун Кыргыз мамлекетине жасаган сапары кыргыз-япон кызматташтыгын бардык багытта өнүктүрүүгө кошумча түрткү болоруна ишеним билдирди. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан