Орусиянын Москва шаарынын түштүк-чыгышында курулушта иштеген 500 мигранттын документтери текшерүүгө алынганын 23-августта "РИА Новости" агенттиги жазып чыкты. Иш-чара мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттин негизинде болгон. Текшерүүнүн натыйжасында 30дан ашуун мигрант Орусиянын миграция боюнча мыйзамын бузгандыгы аныкталган. Текшерүүгө алынгандардын арасында Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын жарандары бар.