"Кыргызстанда учурда 162 жаран өмүр бою эркинен ажыратылган". Мындай маалыматты бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдан 2013-жылга чейин түрмөдө 8 жаран оорунун кесепетинен каза болгон. “Учурда оорусуна байланыштуу дагы 3 кишини абактан чыгаруу маселеси каралып жатат”,-деди ал.