Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6 баллдан ашкан жер титирөө болуп, Аматриче шаарынын жарымы урап калганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 23-августтан 24-августка караган түнү болгон. Анын күчү 6 баллдан ашып, Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы имараттар зыянга учураган.
Аматриче шаарынын мэри Серджио Пироцци: “Шаардын дээрлик жарымы жок. Жашоочулар урандылардын алдында калышты”, - деп билдирүү тараткан.
Азырынча жабыркагандар, каза тапкандар тууралуу так маалымат жок. Айрым интернет колдонуучулар жер титирөөдөн кийинки сүрөттөрдү чыгарышууда.