2012-жыл үчүн Башкы прокуратурага бюджеттен 333 миллион сом бөлүнгөн

2012-жылы өлкө бюджетинен КРнын Башкы прокуратурасына 333 миллион сом бөлүнгөн. Алардын ичинен Башкы прокуратуранын аппаратына 83 миллион сом, ал эми аймактык органдарга 250,9 миллион сом жумшалган. Анын ичинен борбордук аппараттын кызматкерлеринин айлык акысына 56,6 миллион, аймактагы кызматкерлердин айлыгына 200,7 миллион сом кеткен. Ал эми кызматтык сапарларга 3,8 миллион, транспорттук тейлөөгө 4 миллион сом сарпталган. Ошондой эле Борбордук аппараттын унаа жана жабдыктары үчүн 6 миллион сом жумшалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан