Батукаевди бошоткон сот кызматтан жогорулатылганы үчүн Текебаев президентти күнөөлөдү

"Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр эч нерсени чечпейт, бизди 2010-жылга кайра алып келет". Мындай пикирин бүгүн, 24-августта тегерек столдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, соттук реформанын ишке ашпаганы үчүн Конституция эмес, президент жана анын аппараты күнөөлүү. Текебаев кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Азиз Батукаевди абактан бошоткон судья Жапар Эрматов кызматтан жогорулатылганы үчүн президентти күнөөлөдү. "Батукаевди бошоткон судьяны кызматтан четтетип, башка мамлекеттик кызматка дайындоодон баш тартууну суранганбыз. Бирок Эрматов Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматына дайындалган", - деп мисал келтирди Текебаев.

"Президенттин аппараты соттук системге кийлигишип жаткан бир топ окуяларды айтып бере алам. Маселен, Ошто "баңгизат сатуучуларын мыйзамсыз бошоткон" делген бир судьянын башка кызматка дайындалышына биз жана Оштун тургундары каршы чыккан элек. Бирок Алмазбек Атамбаев буга карабай аны кайра судья кылып дайындаган", - деди "Ата Мекендин" лидери.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан