Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Бүгүн, 24-августта Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартибинде жалпысынан 22 маселе каралып, алардын негизгилеринин бири Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы болгону маалымдалды.

“Ош шаарын 2016-2020-жылдарда өнүктүрүү программасында мектеп, балдар бакчалары жетишсиз аймактарга социалдык объектилерди куруу камтылган. Мындан тышкары таза суу көйгөйүн чечүү, жол маселелери, жагымдуу чөйрөнү түзүү, курулуш тармактарын жөнгө салуу, инвестиция, ишкерлерге колдоо көрсөтүү сыяктуу көптөгөн долбоорлор иштелип чыгып, программага камтылды”, - деди А.Кадырбаев.

"Белгилей кетсек, Ош шаарын 2016-2020-жылдардагы өнүктүрүү программасынын приоритеттүү 5 багыты төмөнкүлөр:

  1. Ынтымактуу коомду түзүү;
  2. Динамикалуу экономика;
  3. Мамлекеттик жана муниципалдык социалдык кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  4. Жагымдуу чөйрөнү түзүү;
  5. Экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tulpar90
2016-08-24 15:37:59
Жалганчылар дагы эле алдайсыңар ээ,көпүрөөнүн акыбалы менен таанышып койбойсуңарбы бузулуп тамтыгы чыгып кеттиго.
+3
Lintel
2016-08-24 16:09:17
Мелистин планы менен 2020-жылга кирип барататго чиркин.
+2
Aidana21
2016-08-25 19:27:09
Кана эле,ушул пландын баарын ишке ашырып жиберишсе))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан