Мамлекеттик каттоо кызматы: "2012-жылы 182 соттолгон адамга паспорт берилген"
2012-жылы
182 соттолгон адамга паспорт берилгенин бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү билдирди. “Быйыл Азиз Батукаевди кошкондо 27
соттолгон адамга паспорт берилди”,-деди ал. Эске сала кетсек, бүгүн, 11-апрелде
Жогорку Кеңештин жыйынында адам өлтүрүү кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген “мыйзамдагы
ууру” Азиз Батукаевдин жаза өтөө мекемесинен чыгарылуу жана анын Кыргызстандын
аймагынан чыгып кетүү фактысы боюнча тиешелүү органдардын маалыматы угулууда.