24-августта Орусиянын Москва шаарындагы банктардын бирине кирип, адамдарды барымтага алып, банкты жардырам деген адам чыгымга кабылган 55 жаштагы Арам Петросян аттуу ишкер болуп чыкты. Орусиялык ММКлар анын көтөргөн кутучасынан жардыруучу зат эмес, туз табылганын жазышууда. Ал ошол замат барымтага алган адамдарды бошотуп, колго түшүп берген. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ишкерге кылмыш иши козголду.
Буга чейин ал Орусиянын президентине видеокайрылуу жасап, аны интернетке жарыялаган. Кайрылуусунда мамлекеттик деңгээлде жеке жана юридикалык тараптардын банкроттугун "оору" деп таанууну, ошондой эле банкроттук көйгөйү боюнча жаңы институт түзүүнү талап кылган. Андай болбосо ал Кылмыш кодексин одоно бузарын айтып коркуткан.