Бүгүн, 25-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 22-августунда ӨКМнын телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.