Түркиянын аскерий операциясын Сирия өкмөтү айыптоодо

Түркиянын аскерий операциясын Сирия өкмөтү айыптоодо. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, 24-август күнү Түркия Сириянын аймагындагы Жераблус шаарын “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтун согушкерлеринен бошотуу үчүн атайын операциясын баштаган. Алгач артиллериялык аткылоолор болуп, ал аба чабуулдары менен коштолду. Ал эми түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бул операция “Ислам мамлекети” деп аталган топту жок кылууга жана Сириянын өзүнүн аймагынын бүтүндүгүн сактоого багытталганын билдирген. Бирок Сирия өкмөтү Түркиянын аскерий операциясын айыптоодо.

Айта кетсек, Жераблус шаары Түркия менен Сириянын чек арасына жакын жерде жайгашкан. Шаар 2013-жылдан бери “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтун карамагында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Beksultan-007
2016-08-25 11:57:02
Сириянын окмоту каршы болуп жатса Путин окмот тарапта согушуп жатса анда Эрдоган мн путин жолукканда эмнени суйлошту экен. Кто то играет двойную игру
+1
reyba
2016-08-25 12:08:52
Точно айтасын мен да ошону ойлоп атам
0
ERCHOROEV
2016-08-25 16:49:19
Эч кандай что то пытотосу жок! Сирия менен Туркиянын элдери мусулман катары бир тууган болушпаса бийликтегилери бири бирине караманча каршы. Туркияда акыркы убактагы тез тез жардырууларды токтотуу максатында игилди оз чек арасынан алыстаткысы келгендеги кербези. Себеби Туркия бийлиги Асадтын бийлигин жаман корот. Сирия бул жерде ичинен суйунуп турса да сыртынан паха зуха каршы болумуш болуп жаткандагы кербези.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан