Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин конференциясында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов сөз сүйлөп жатып Анара Дауталиеванын ачкачылыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтты: “Анын талабы боюнча бала бакчалардын 200дөн ашык кызматкерин кызматтан кетирүү керек болгон. Бул мүмкүн эмес, мен андай кыла албайм. Мен прокуратурага ал адамдын моралдык ден соолугун текшерүүнү өтүнүп кат жаздым”.
Ошондой эле Албек Ибраимов аталган ачкачылык кимдир бирөөнүн буюртмасы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 24-августта бала бакчалардагы балдарга темир жолду майлоочу майды беришкенин айткан Анара Дауталиева ачкачылык жарыялаган.