Бишкек шаардык патрулдук милициясы "Балдар, абайлагыла!" деген аталыш менен жүрүшкө чыкты. Аталган жүрүш балдар арасында жол кырсыгынын көп болуп жаткандыгына байланыштуу өткөрүлүүдө.
"Бүгүнкү жүрүшкө өздүк курамдын кызматкерлери мотоцикл менен чыгышты. Мындан сырткары медицина тармагынан "Тез жардам" унаасы, мектеп окуучулары тартылды. Мында жолдо жүрүүнүн эрежеси, жөө адам өтүүчү жолдордон өтүү тартиби, ошондой эле айдоочулардын жөө жүрүүчүлөргө жол берүүсү тууралуу эрежелер көрсөтүлдү", - деп билдирди Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, аталган иш-чара 1-сентябрь - жаңы окуу жылына карата айдоочуларды сак болууга чакырык жасалып уюштурулган.
"Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 25-августтан 25-сентябрга чейин бир айлык жарыяланды. Бир айлыктын алкагында шаардагы миңдеген айдоочулар балдардын өмүрү кымбат экенин аңдап билишет. Анткени кырсыкка кабылуу менен оор жараат алып, көз жумуп жаткандар боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт", - деп билдирди Бишкек шаардык патрулдук милициясынын орун басары Сейит Бейшеналиев.