Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Биринчи Май айылы уникалдуу "жаңгак тоннели" менен белгилүү. "Жаңгак тоннели" деп расмий аталыш албаганы менен, көпчүлүккө ушундай ат менен белгилүү. Узундугу 2,5 чакырымдан ашуун. Ал Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айылдарына кеткен жолдо жайгашкан. 1990-жылдары айланасына отурукташууга уруксат берилип, эл жаңгактардын айланасына үй кура баштаган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, алар өздөрүнө бөлүнгөн жаңгакты терип алышат. Ошондой эле жаз мезгилинде дарактарды актап, аяр мамиле кылууга милдеттүү. Жадакалса өз алдынча кыюуга да тыюу салынган. Ал эми куураган жаңгак дарагын айыл өкмөттөн атайын адамдар келишип, акт түзүп, анан өздөрү кыйып алып кетишет. Куурап калган жаңгактардын ордуна жаңылары отургузулат.
Бул жайга алыскы жактардан коноктор, чет өлкөдөн туристтер келип, эстеликке сүрөткө, видеого түшүп кетишет.