№1-СИЗОдо асынып алган 21 жаштагы айыпталуучу буга чейин бир канча жолу сот жообуна тартылган

№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучунун асынып алышынын себеби тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбия иштери боюнча башчысынын орун басары Максатбек Турпанбаев билдирди.

Анын айтымында, асынып алган айыпталуучу буга чейин бир канча жолу соттолуп, тергөө абагына 7-жолу камалган.

Ал кургак учук менен ооручу. Ошол күнү ооруп жатканын айтып, сейилдөөгө чыккан эмес. Учурда анын өз шейшеби менен асынып алышынын себеби такталууда”, - деди Максатбек Турпанбаев.

Айта кетсек, 23-август күнү саат 16:00 чамасында №1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан