Ош шаарында мугалимдердин Август кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеде билим берүү кызматкерлеринин 2015-2016-окуу жылында аткарган иштерин чагылдырган көргөзмө орун алды. 8 багытта уюштурулган көргөзмө менен шаар мэри Айтмамат Кадырбаев жана жалпы кеңешмеге катышкан мугалимдер таанышты.
"Мугалимдердин кеңешмесине ардагер мугалимдер чакырылып, насаат сөздөрүн айтышты. Мындан сырткары мектепке жаңыдан кабыл алынып жаткан жаш мугалимдер ант беришти. Ошондой эле шаардагы билим берүү мекемелеринин 2016-2017-жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана алдыдагы милдеттери, билим берүүдөгү жаңы талап-нормалар боюнча сөз болду", - деп билдирди басма сөз кызматы.
“Билим берүү системинин негизги өзөгү болгон билим сапаты жана мектеп окуучуларына татыктуу тарбия берүү мугалимдердин гана эмес, баарыбыздын милдетибиз. Жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрларга муктаждыгы анча сезилбегени менен, жетишсиздик бар экенин белгилөөгө болот. Жаңы окуу жылына карата 214 мугалимге билдирме берилген болсо, 106 адис ишке кабыл алынды”, - деди А.Кадырбаев.
Жаңы окуу жылына жолдомо алган 106 жаш адистин ичинен атайын критерийлердин негизинде тандалып алынган 20 адиске мэр баалуу белек катары заманбап үлгүдөгү планшеттерди тапшырды.