КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системин июль айында толугу менен орнотуп бүтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө министрликтин түзүмдүк, аймактык жана мекемелер аралык бөлүмдөрүндө жаңы компьютердик жабдуулар орнотулду. Жалпысынан 647 компьютердик топтом орнотулуп, 580 райондук жана шаардык өнүгүү башкармалыктарынын адистери окуудан өтүштү.
Белгилүү болгондой, социалдык жардамдын корпоративдик маалымат системин орнотуу социалдык кызматты өтөөдө маалыматтык бирдиктүү банктагы бардык министрликтин бөлүмдөрүнүн деңгээлин бириктирүүгө шарт түзөт. “Жаңы маалымат системи жөлөк пул жана компенсацияларды бекитүүдө калыс жана объективдүү камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле социалдык саясаттын таза жана ачыктыгын камсыздоого шарт түзөт”,- дейт Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов.