Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты Нурлан Төрөбеков бүгүн, 25-августта каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жакындары тастыкташты. Экс-депутат кант диабети менен жабыркагандыктан, акыркы күндөрү ооруканада дарыланып жаткан.
Нурлан Төрөбеков 1969-жылы 24-февралда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн.
1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1988-1989-жылдары Ооганстан Республикасынын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан.
1990-1992-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин роман-герман факультетинин студенти болгон. Нурлан Төрөбеков 1992-1995-жылдары ишкердик иш менен алектенген. Ал эми 1995-жылдын декабрынан тартып Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы болгон.
2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.
2010-жылдын октябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Нурлан Төрөбеков Даңк медалы (1999-ж.), “За заслуги” ордени (ОФ, 2006-ж.) менен сыйланган, мындан башка Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн 36 өкмөттүк жана коомдук сыйлыктарына ээ болгон.