Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Бишкекте баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-август күнү саат 22:45 чамасында иликтөө иштеринин алкагында Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн жанынан 28 жаштагы Б.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Анын өздүк буюмдарын тинтүү маалында баш кийиминин ичинен спецификалык жыты бар баңгизат табылган. Кийин ал гашиш экени аныкталган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lolo.1
2016-08-25 16:56:24
Бангизатты мыйзамдуу кармап журсо да болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан