Сингапурда автопилот менен жүрүп, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа пайда болду. Ал азыркы учурда пилоттук режимде иштеп жатканы маалымдалууда.
Аталган унаанын ээси "nuTonomy" компаниясы берген маалыматка ылайык, бул дүйнөдөгү биринчи кызмат болуп, Сингапурдун бийлигинин уруксаты менен иштеп жатат. Бул жөнүндө дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары бүгүн, 25-августта жазып чыгышты.
Жалпысынан шаар боюнча айдоочусу жок унаадан алтоо иш алып барууда. Бул унаалар бир гана уруксат берилген жана токтоочу жайларга, аялдамаларда токтойт.
Учурда унааны текшерүү болуп жатканына байланыштуу ичинде техникалык адис жана айдоочу отурат. Алар тегеректеги унааларга коркунуч жаралган учурда гана унаанын кыймылына кийлигишет. Компаниянын айтымында, 2018-жылга чейин айдоочусуз унаалардын толук кандуу автопаркы түзүлөт.