Турсунбай Бакир уулу: "Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибергеним үчүн жооп берем" деген Роза Отунбаева "эркек" экен"

Парламенттин 11-апрелдеги жыйынында "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү кеңири талкууланды. Анда аталган окуяга катыштыгы бар бир катар мамлекеттик кызматтын жетекчилери келип жооп беришти. Алардын берген маалыматтарына депутат Турсунбай Бакир уулу ыраазы болбогонун ачык айтты. “Азыр баары эле аппак көрүнүп, эч ким күнөөсүн моюнга албай жатат. "Курманбек Бакиевди өлкөдөн чыгарып жибергеним үчүн өзүм жооп берем" деген Роза Отунбаева “эркек” экен”,- деди ал. Депутат башкы прокурор Аида Салянованын адам өлтүрүү фактысы боюнча күнөөлөнгөн Азиз Батукаев 2006-жылы акталгандыгын айтып жатканын мисал келтирди. Ал эми башкы прокурор Батукаевдин адам өлтүрүү кылмышы боюнча акталып чыккандыгы боюнча соттун чечимин гана айткандыгын Бакир уулуна эскертти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан