Төрөбай Зулпукаров: "Батукаевдин качышы саат жебесиндей кылдат иштелип чыккан"

Азиз Батукаевдин боштондукка чыгышы тууралуу маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Төрөбай Зулпукаров сунуштады. Анын айтымында, бул маселеге тиешелүү органдардын катыштыгы бар жана кээ бир укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу керек . "Бул маселеде көп нерсе сааттын жебесиндей кылдат иштелип чыккан. Ошондуктан  Азиз Батукаевдин боштондукка чыгышы боюнча комиссия түзүп, өз сунушубузду өкмөткө беришибиз керек",- деди Зулпукаров. Айта кетсек, Азиз Батукаев оор кылмыш боюнча айыпталып, 2006-жылы 16,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал буга чейин Нарын шаарындагы №4-СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, 9-апрелде ден соолугуна байланыштуу эркиндикке чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан