Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Ага ылайык, президенттин кээ бир чечимдери күчүн жоготту деп таанылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4, 6-беренелерине ылайык токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 28-февралындагы №24-"Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктары боюнча мамлекеттик комиссиясын түзүү жөнүндө" жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-февралындагы №131-"Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 12-октябрындагы №240-"Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыгы.