Бүгүн, 11-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында оор кылмыштары үчүн 16 жылга кесилген "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулуп жана анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү фактысы боюнча тиешелүү органдардын маалыматы угулду. Талкуу кызуу маанайда уланып, талаш-тартыштар менен коштолду. Жыйынтыгында бул окуянын чоо-жайын терең иликтөө үчүн ЖКдагы 3 фракциядан экиден жана депутаттык топтордон 2 эл өкүлү кирген депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамы төмөндөгүдөй:
Эркин Сакебаев КСДП,
Дамира Ниязалиева КСДП,
Турсунбай Бакир уулу “Ар-намыс”,
Нуркамил Мадалиев “Ар-намыс”,
Болот Шер “Ата Мекен”,
Жоомарт Сапарбаев “Ата Мекен”,
Депутаттык топтордон: Канатбек Исаев жана Алмазбек Баатырбеков.
Ал эми “Ата Журт”, “Республика” фракциялары комиссиянын курамына өкүл кошуудан баш тартышты. Түзүлгөн депутаттык комиссия 3 аптадан кийин ЖКнын жыйынында маалымат берет.