Кыргыз-казак чек арасында 47 жаштагы аял башка адамдын паспорту менен кармалды

Кыргыз-казак чек арасында 47 жаштагы аял башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1969-жылы туулган Г.О. аттуу кыргыз жараны “Ак-Жол унаа жолу”
көзөмөл-өткөрүү жайынан чек арачылар тарабынан кармалган.

“Кармалган аял Казакстандын аймагына башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан