Италиядагы жер титирөөдөн өтө көп кыйроого учураган шаарлардын бири Аркуата-дель-Тронтодо уранды астында калган 10 жашар кыз 17 сааттан кийин тирүү табылганын "Quotidiano" басылмасы жазды. Маалыматта айтылгандай, кызды уранды астынан өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышып, ооруканага жеткиришкен. Ооруканада анын эч бир жерине оор зыян келбегени аныкталган.
23-августтан 24-августка караган түнү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн Италиянын борбордук бөлүгүндөгү Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарлары кыйраган. Өлкөнүн тиешелүү кызматтары буга чейин уранды астында калган адамдардын 90 пайызы жансыз табылып, алардын саны 250гө жетип, жаракат алгандардын саны 350дөн ашканын кабарлашкан.