Сокулук районунда "таанышын себепсиз сабаган" деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-августта милицияга арыз менен 31 жаштагы Г.А. аттуу Сокулуктун тургуну кайрылган. Анда ал саат 18:44 чамасында Андрей аттуу таанышы аны себепсиз сабап салганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Ф.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.