Спорт агенттигинин директору: "Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры боюнча иликтеп жатабыз, жыйынтыгы 1 айда белгилүү болот"

"Оор атлет Иззат Артыковго байланышкан допинг чыры боюнча иликтөө жүргүзүп, тиешелүү материалдарды топтоп жатабыз", - дейт Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов.

"Бизге бул чыр боюнча апелляциялык арыз берүү укугу берилген, бирок биз изилдеп чыккан соң гана арыз беребиз. Допингге каршы күрөшүү боюнча агенттик ишти кайрадан карап чыгып, 1-1,5 айда чечим чыгарат", - деди К.Аманкулов.

Кошумчалай кетсек, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган Иззат Артыковдун жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал коло медалынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Beksultan-007
2016-08-26 11:35:14
Ошода баары сууп калгандан кийин жыйынтыгы мурдагыдай эле чыгат ошону мн колунардан эч нерсе келбей отуруп каласынар куноону озуно оодарып
+4
gordaya
2016-08-26 11:48:12
Келгиле, баарыбыз дуба кылабыз жакшы жыйынтык берсин деп!
+10
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-26 11:52:35
Эртелегиле кыбырабай, ато архивке кетет бардык документтер.
+2
Frezia
2016-08-26 11:56:40
"Жоо кеткен соң кылычың ташка чап" болуп калат го
-2
guljigit96
2016-08-26 12:14:38
Жыйынтык ичти деп чыксада , ичпептир деп жазып чыгарып коюшатко
-6
lexus47
2016-08-26 12:23:53
Биягы "никогда не сдавайся" болуп атыптырда, ит болобуз же хит болобуз жакында.
+1
tea23
2016-08-28 02:29:21
lexus47,боорум эзилип окуп жатам ушу коментти
+1
Abdurahman
2016-08-26 12:39:01
"кат жазып атабыз, даярдап атабыз, суйлошуулор журуп жатат, аракет кылы атабыз, иликтөө жүргүзүп жатабыз, топтоп жатабыз" жыйынтыгы жок. 1-1,5 айда силерди тааныбай калат уже
+1
Sirduusezim
2016-08-26 12:44:52
Ак ийилет бирок сынбайт достор!!!
-2
Rasul_Rahmanaliev
2016-08-26 13:42:45
Таймашка чыгаардан мурда текшеруу иштери журот.Алдын ала текшеруу дыкаттык менен откорулгон болсо,эмнеге жыйынтык кечендеди? Калыстык жок болду бул РИОдо! Изат сен азаматсын!Жакшы жыйынтыкты талап кылуу керек.
0
ELIMA91
2016-08-26 13:44:59
Туштон кийин эмне кереги бар дейм да болор иш болду байосу канды. Буйрубаган экен байкуш Изатбекке не кыла алат эле!
0
aikol87
2016-08-26 14:43:11
Убада кылган сыйлыктарын береби ошону айтып койгулачы.супер инфо тактап бергилечи сыйлыктар эмне болот экен?
-3
Belek2070
2016-08-26 16:19:25
Шашпайн тургула жыйынтык чыксын ошондо баары билинет. Бул оюнчук эместа бир эки кундо буто турган иш эмес дуйнолук маселе болуп жатпайбы.
+2
Aldyiar
2016-08-26 20:11:04
Мейли жигит ишине ийгилик капа болбо,кийинкисинде утарсын.Кеебир адамдар сени жамандап жазат аларга конул бурбай эле кой.
-2
Askarbek15
2016-08-26 21:37:10
Куноо Иззат Артыковдо Таза болсо Руслан Тумонбаев м.н Канат Бегалиевдей Медалды чыр пыры жок Кыргызстанга Эркекче алып келет эле Кыргызстанды суйундуруп...
-2
tea23
2016-08-28 02:30:56
Askarbek15,барбайт беленер штанга которо алсанар
0
gordaya
2016-09-26 12:54:32
бир ай отту го, жыйынтыгы эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан