Баткен. Абсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Баткен шаарында 10-апрель күнү белгилүү мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон мамлекеттик кызматкерлер катышып, улуу инсандын басып өткөн жолу, элге өтөгөн эмгеги тууралуу эскерүү сөздөрү айтылды. Ошондой эле иш-чарага А.Масалиевдин жакын туугандары, учурунда бирге иштеген замандаштары, студенттер жана мектеп окуучулары да катышып, чакан жөө жүрүш болду. Эскерүү кечеси мамлекеттик ишмердин туулган күнүнө карата уюштурулду. Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде Баткен облусундагы Кадамжай районунун Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы 31-июлда 71 жаш курагында каза болгон.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан