Бишкекте "Ислам мамлекети" деп аталган террордук топтун мүчөсү кармалды (фото)

Бишкекте “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 1973-жылы туулган Р.И. аттуу Орусиянын жараны. Анын жашаган жерин текшерүүгө алган учурда “Ислам мамлекети” деп аталган террордук топтун желеги, ок атуучу курал, ок-дарылар, диний-экстремисттик маанайдагы китептер, телефон, дисктер, баңгизат, бет кап, граната табылган. Учурда Орусиянын жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилип, террордук топтун башка мүчөлөрүн кармоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shamshiev.80
2016-08-26 13:43:49
Биздин УКМКлар жакшы иштеп атышат баарын алдын ала чара корушуп,азаматтар ,коз тийбесин тфу,тфу кылмышкерлерге да ынсап берсин алла таалам
+7
bilti
2016-08-26 14:02:48
6-сүрөт күлкүмүштүү болуп калыптыр, көзү айрыкча диск менен
0
bom.bon
2016-08-26 15:05:43
bilti,колунда мылтык кармаппы бакырайып))
0
asad345
2016-08-26 14:30:13
ишениш кыйын "жылдыз" алам деп укмк же иим дин жетекчилери оздору даярдаган желек жана курал жарактарды алкаш ж.б.у.с илип иштеп атабыз дей берет
+2
kursantvs
2016-08-27 23:51:13
asad345,сен эмнени билесин. Спецназда 10жылдар бою иштеп, ушул окуяны жалган десен ишенмекмин.
0
kubanych92
2016-08-26 14:30:55
Буларды кармап сразы эле өлтүрүп салышса болбойт бекен аа? Серавно Сирияны бамборшиктер абадан атып өлтүрүп жатышат го Ислам мамлекети деп аталган террордук топту.
0
omka100514
2016-08-26 18:00:12
көзүн тоспой эле койбоптурда, все равно телефондон көрүнүп калыптырго
+1
88inara88
2016-08-26 18:05:12
Кепетесин,жок кылуу керек буларды ызгытпай,айрыдай кобойдуго
0
Belek2070
2016-08-26 18:09:52
Гранаталары жакты мага
-3
Aldyiar
2016-08-26 19:56:41
Belek2070,Ал граната жасалма.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан