Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ци Даюйдун дипломатиялык миссиясы аяктады

Бүгүн, 26-августта президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюйду анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда мамлекет башчы Кыргыз жергесинде жемиштүү ишмердиги үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, анын Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кошкон зор салымын белгиледи.

"Алмазбек Атамбаев кийинки жылдарда кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүндө жакшы өзгөрүүлөр болуп, эки тараптуу мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөөгө карай багыт мындан ары да улана берерине ишене тургандыгын билдирди. Президенттин айтымында, өлкөдө жүзөгө ашырылып жаткан кыргыз-кытай долбоорлору, анын ичинде энергетика жана инфраструктураны өнүктүрүү чөйрөлөрүндөгү долбоорлор өлкө өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Алмазбек Атамбаев Ци Даюйга мындан аркы ийгиликтерди каалады жана Кытай Республикасынын башчысы Си Цзиньпинге жакшы каалоолорун билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан