Бүгүн, 12-апрелде "Жаштык-Сузак" жана "Теңир-Тоо" волейбол командалары Өлкө чемпиондугунун Жогорку Лигасынын чемпиондугу үчүн беттешет. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясы билдирди. Айта кетсек, аталган мелдеш Жалал-Абад шаарында өтүп жатат. 11-апрелдеги оюндарда командалар төмөндөгүдөй упайларга ээ болушту:
“Теңир-Тоо” – “Чаткал” 3:0
“Жаш-Күч” – “Дархан” 0:3
“Жаш-Күч” – “Чаткал” 3:0