Италияда уранды астында калып каза болгондордун саны 279га жетти

Италиянын борбордук бөлүгүндө 23-августтан 24-августка караган түнү күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун саны 279га жетти. Куткаруучулар кыйроого кабылган Аккумоли, Аматриче, Поста жана Аркуата-дель-Тронто шаарларындагы куткаруу иштерин дале улантып жатышканын "Rai News" басылмасы жазды. Анда айтылгандай, каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал. Куткаруучулар уранды астында тирүү адам калбаганын айтышкан. Өлкө бийлиги 27-август күнүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

2009-жылы да Италиянын Л'Акуила провинциясында катуу жер титиреп, каза болгондордун саны 179га жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан