“Өткөн суткада Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды”- деп билдирди бүгүн, 12-апрелде ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 2, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен Ош шаарында бир адам жаракат алып, "тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди.