Ош шаарына жаңы оорукана куруу боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу бекитилди

11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү кыргыз-кытай ортосундагы макулдашуу” мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 28-мартында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы тарабынан кытай тарапка көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор белгиленген тартипте аткарылганы жөнүндө билдирүүгө тийиш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан