11-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Астанадагы "Акорда" мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө пикир алышты. “Мен Сизди, бүткүл бир тууган Кыргызстан элин колдоймун. Биз чын жүрөгүбүздөн жакшылык гана каалайбыз. Сиздердин жергеңиздерде дайыма тынчтык жана туруктуулук болушун тилейбиз. Кыргызстандын экономикасы план ченемдүү өнүгүүсүн каалайбыз”,- деди Назарбаев. Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын экономикалык кайра түзүү жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу экендигин белгилеп өттү. “Өз ара пайдалуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого кезектеги мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтамын. Казакстан Борбордук Азияда динамикалуу өнүккөн мамлекет болгондугу бизди абдан кубандырат”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев. Айта кетсек, эки президент өз эне тилдеринде сүйлөшүү жүргүздү.