Бишкекте бош кызмат орундарынын жана кесиптердин жарманкеси өткөрүлөт
16-апрелде Бишкектеги №5-кесиптик лицейде бош орундардын
жана кесиптердин жарманкеси өтөт. Иш-чараны КРнын Эмгек, миграция жана жаштар
министрлиги жана Бишкек шаардык башкармалыгы уюштуруп жатат. Шаардык
мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жарманкеде жумушсуз жарандарга 3500дөн
ашык бош орундар сунушталат. Анда калаанын алдынкы уюмдары жана мекемелери тааныштырылып,
жумуш издегендер жумуш берүүчүлөр менен түз байланыша алышат. Ошону менен бирге,
жарманкеге шаардык кесиптик лицейлер катышат. Ал жерден кесиптик лицейлер
жөнүндө маалыматтарды алып жана чеберлердин колунан жасалган буюмдардын
көргөзмөсү менен таанышууга болот. Аталган иш-чарага ылайыктуу ишке же кесипке
ээ болууну каалаган бардык жарандар катыша алышат.