Кара-Суу районунда 60 жаштагы жергиликтүү тургун изделүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда 60 жаштагы жергиликтүү тургун изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-август күнү саат 10:00 чамасында Таш-Арык айылынын тургуну, 1956-жылы туулган М.Ү. мас абалында үйүнөн чыгып, Отуз-Адыр каналын бойлоп жүргөн. Бирок ошол бойдон дайынсыз жоголуп, үйүнө кайтып келген эмес. Каналга түшүп кеткени белгисиз. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Азырынча жыйынтык боло элек. Издөө иштери бүгүн да улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bayjigit83
2016-08-29 11:22:59
Кудай жалгап,аман эле болсунчу ылайым!
+2
DNurgiza
2016-08-29 13:48:33
тирүү табылып калса экен....туугандарын сүйүндүрүп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан