Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган “Жалал-Абад электр тармактары” ишканасынын кызматкери кыргыз тарапка кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"28-август күнү Аксы районунун Бел-Сөгөт тилкесинде “Жалал-Абад электр тармактары” ишканасынын кызматкерлери жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин жүргүзүп жатышкан. Бир кызматкер билбей Өзбекстандын чек арасына 100 метр кирип кеткен. Ошол учурда ал коңшу өлкөнүн чек арачылары тарабынан кармалган. Мындан улам эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, кармалган жаран өткөрүлүп берилген", - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.