Данияр Тербишалиев "Ош шаарынын башкы планы түзүлүш керек" дейт

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев бүгүн, 12-апрелдеги фракция жыйынында Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуп жаткан имараттарга байланыштуу маселеге токтолду. Айта кетсек, фракциянын бүгүнкү жыйынына Ош шаарынан келген аталган фракциянын депутаттары да катышууда. “Биз Бишкектеги мыйзамсыз курулуш иштери боюнча маселелерге атайын комиссия түзүп, аны текшерип жатабыз. Эгерде мындай маселе Ош шаарында да орчундуу болсо, сиздер да комиссия түзгүлө. 2012-жылы Бишкек шаарынын Башкы планы бекитилген, ал эми Ош шаарынын башкы планы бекитиле элек. Балким, сиздер менен бирге тыгыз байланышып, аны да ишке ашырсак болот. Башкы план жашыруун болгону үчүн да бул тармакта коррупция көп болуп жатат”,- деди Тербишалиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан