Нурлан Мотуев 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Жогорку Соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Нурлан Мотуевдин ишин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23-август күнү караган. Анда ал “көпчүлүк алдында террорчулук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга чакыруу же көпчүлүк алдында террорчулукту актоо” жана “улуттук, расалык, диний, аймак аралык кастыкты козутуу” боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылган. Чечимге ылайык, Нурлан Мотуев жазасын жатак-абакта өтөйт.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү коомдук ишмер Нурлан Мотуев “согуштук аракеттерге үндөгөн” деген шек менен камакка алынган. Буга анын 12-май күнү “Элдик парламенттин” өкүлдөрүнүн жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү себеп болгон. Анда Мотуев кыргыз жарандарын Сирияга барып согушууга үндөп, тыюу салынган террордук топтун мүчөлөрүндөй жашоого чакырган.