10-апрель күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Бүргөндү айылынын жашоочусу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Иликтөөдө Өзбекстандын аймагына кирип кеткен ал адамдын психикалык жактан оорулуу экендиги белгилүү болду. Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын айтымында, аталган оорулуу жарандын туугандары чек арачыларга жардам сурап кайрылган. Андан соң эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, Өзбекстандын аймагынан аталган жаран бат эле табылган. Макулдашуулардан соң ал жаран Кыргызстанга кайтарылып берилди.