Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Мурат Адашбаев аталган шаардагы бала бакчалардын абалын төмөндөгүдөй түшүндүрдү: "Шаар боюнча 42 бала бакча, алардын 12си жеке менчик болуп эсептелет. Ошондой эле шаарда 2 жаштан 7 жашка чейинки 30 миң 800 бала бакчага барышы керек болсо, учурда анын 10 миңи гана барат. Калганы кезек күтүүдө. Ал эми көпчүлүк ата-энелердин балдарын жеке менчик бакчага барууга мүмкүнчүлүгү жок. Ош шаарына жаңы стилде орус-кыргыз тилдүү жаңы, заманбап бала бакча курулса жакшы болмок”. Мындай билдирүүнү депутат бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын жыйынында айтты.